Толковый словарь кыргызского языка. 2015
(кылда учунда, кылда чокусунда) Эң башында, эң чокусунда. Уста газетанын кылда учундагы эң чоң тамгаларга көзүн жабыштырды (Бейшеналиев). Ак бараңдан, беш атардан аткан менен – Эзелден кылда учуна ок жетпеген (Үмөталиев). Ай тоолордун үстүнө келди салаңдап, жарыгы муздак мунарыктап, мөңгүлүү чокунун кылда чокусунда турду (Айтматов). Тоо боорун түбөлүккө мекен кылган карагайлардын кылда учтары сакалдары самсаалаган булуттарды тешип өттү (Жангазиев).